Акылбек Жапаров Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча тапшырмаларды берди

12.09.2022, 10:02 Акчабар
Акылбек Жапаров Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча тапшырмаларды берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ал гидроэлектр станциянын техникалык жабдылышын карап чыгып, аны модернизациялоо боюнча пландар менен таанышты.

Министрлер кабинетинин башчысы электр энергиясын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү өндүрүүнү камсыз кылуу жана натыйжалуу башкаруу максатында ГЭСти реконструкциялоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары ал кубаттуулугу 100 МВт саналган Куланак ГЭСинин курулуш долбоору менен таанышты.

Жумушчу сапарынын алкагында Акылбек Жапаров ошондой эле “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктунун да ишин көзөмөлдөдү.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын август айынан 31-октябрга чейинки аралыкта кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иштөө убактысы 2 саатка узартылган.

Тэги: Акылбек Жапаров Ат-Башинская ГЭС кыргызско-казахская граница нарынская область

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу