Жапаров мамлекеттик органдар даярдаган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун сынга алды

23.03.2022, 13:00 Акчабар
Жапаров мамлекеттик органдар даярдаган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун сынга алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кезектеги кеңешме өткөрүп, анда 14 маселе каралды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, салык карыздарын өндүрүү тартиби жана кыйыр ыкмалардын негизинде салыктык милдеттенмелерди аныктоонун методологиясы бекитилди.

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, 2022-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасына импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленген.

Бир катар ченемдик-укуктук актылардын долбоорлору толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик органдар тарабынан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун даярдалышын сынга алып, бардык долбоорлор тыкыр укуктук жана экономикалык экспертизадан өтүшү керектигин белгиледи.

“Толук иштелип чыкпаган, чийки чечим долбоорлорун киргизүүгө жол берилбейт. Министрлер Кабинетинин ар бир мүчөсү киргизилген долбоор үчүн жооп берет. Бул эсиңиздерде болсун. Чечимдин долбоору деталдуу жана такталган эсептөөлөр менен бекемделүүгө тийиш, бул өзгөчө билим берүү мекемелеринин курулушуна тийиштүү”, - деди Акылбек Жапаров.

 

Тэги: Өкмөт Жапаров жыйын

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу