Акылбек Жапаров программалык негизде бюджеттөө жөнүндө чечимге кол койду

18.01.2022, 09:04 Акчабар
Акылбек Жапаров программалык негизде бюджеттөө жөнүндө чечимге кол койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров программалык негизде бюджеттөө жөнүндө чечимге кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган документ Кыргызстандын фискалдык саясатынын негизги багыттарын түзүүнүн алкагында Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын, ошондой эле республикалык бюджеттин бөлүгү болуп саналган кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге программалык негиздеги бюджеттердин долбоорлорун сапаттуу жана өз убагында түзүү максатында кабыл алынган.

Мындан улам министрлер кабинети төмөнкүлөрдү бекитүү чечимин кабыл алды:

  • Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама;
  • Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама.

Буга катар өкмөттүн 2017-жылдын 30-декабрындагы “Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылды.

Тэги: Акылбек Жапаров бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу