Жапаров: Учурда Баткенге инвестициялоо жагымдуу мезгил

14.10.2021, 14:22 Акчабар
Жапаров: Учурда Баткенге инвестициялоо жагымдуу мезгил

Министрлер кабинетинин жаңы төрагасы Акылбек Жапаров региондорго болгон биринчи сапарынын алкагында Баткен облусундагы "Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү" аттуу инвестициялык форумга катышты.

Акылбек Жапаров куттуктоо сөзүндө форум катышуучуларына кайрылып, аталган региондун өнүгүү потенциалын баса белгилеп, инвесторлор үчүн жеңилдиктер тууралуу эске салды.

"Баткен облусунун экономикасын өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ. Сиздерге белгилүү болгондой, Баткен облусунун өзгөчө статусу тууралуу мыйзам жана өнүктүрүү программасы кабыл алынып, иш-аракеттер планы бекитилген. Мамлекет тарабынан чек ара аймагында иштеген ишкерлерге атайы салык режими түрүндө жеңилдиктер берилет. Ошондой эле өзгөчө инвестициялык режим киргизилген – Министрлер кабинети инвестицияларга мамлекеттик кепилдик берет жана Баткен облусунун инвесторлору үчүн толук амнистия пландаштырылууда", - деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, мамлекеттик түз сатып алуулардын уруксаат берилген босогосу 2 млн сомдон 5 млн сомго чейин жогорулатылат. 

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууда өзгөчө жеңилдетилген режим иштейт.

Иш-чара президенттин "Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында, Баткен облусунун экономикалык потенциалын жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жаңы сапатка көтөрүү максатында өтүүдө. 

Бул форум Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн гана эмес, ошондой эле маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берери күтүлүүдө.

Тэги: Баткен инвестиционный форум Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу