Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын вице-президенти менен жолукту

31.05.2023, 16:02 Акчабар
Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын вице-президенти менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапараов Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, тараптар Дүйнөлүк банк менен Кыргызстандын ортосундагы мындан аркы кызматташуу жана ийгиликтүү өнөктөштүк жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Анда Акылбек Жапаров, мындан эки жыл мурда Кыргыз Республикасы өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын бекиткенин жана андагы реформалардын башында адам тураарын, анын муктаждыктары, кызыкчылыктары жана потенциалы ишке ашырылышы керектигин белгиледи. 

“Өлкөнүн мамлекеттик программаларына ылайык суу менен камсыздоо жана канализация тармагында республика боюнча 232 айылда жана 27 шаарда жалпы суммасы 468,2 млн долларлык инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Дүйнөлүк банкка суу секторуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү күндө 52 айылда курулуш иштери бүткөрүлүп, 128 миңден ашуун адам таза суу менен камсыз болду. Тактап айтканда, бул тармакта АРИС көптөгөн социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечип, айыл жергесинде жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө ийгиликтүү көмөк көрсөтүүдө”, – деди ал. 

Акылбек Жапаров ошондой эле, Кыргызстан суу жана гидроэнергетикалык ресурстарга бай экенин белгилеп, Дүйнөлүк банкты ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда жигердүү кызматташууга чакырды. 

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын вице-президенти Антонелла Бассани Дүйнөлүк банк башка эл аралык каржы институттары менен катар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын дагы, финансылык туруктуулугун, экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүн калыбына келтирүүгө жардамын уланта берерин белгиледи.

Тэги: новости Кыргызстана Всемирный банк энергопроекты Акылбек Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу