Акылбек Жапаров Кытай өкмөтүнүн атайын өкүлү менен жолугушту

28.12.2021, 12:56 Акчабар
Акылбек Жапаров Кытай өкмөтүнүн атайын өкүлү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй менен жолугушту.

Акылбек Жапаров кыргыз тараптын биргелешкен инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, өз ара сооданы өнүктүрүүгө кызыкдар экен белгиледи. Анын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

“Бул биз үчүн стратегиялык мааниге ээ жана республиканын транзиттик өлкөгө айланышына мүмкүндүк берет”,- деди Жапаров.

Кытай өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй өз кезегинде эки өлкө ортосунда эки тараптуу мамилелерге токтолуп, ага жогору баа берди.

“Кытай келечекте Кыргызстан үчүн ишенимдүү кошуна жана өнөктөш бойдон кала берет. Биз мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз”, - деп кошумчалады ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрүү пункттарында жүк ташуу көлөмүн жогорулатууну талкуулашты.

Тэги: Китай Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу