Акылбек Жапаров «Wildberries» компаниясынын башкы директору менен жолукту

22.06.2023, 15:07 Акчабар
Акылбек Жапаров «Wildberries» компаниясынын башкы директору менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Вайлдберриз” ЖЧКнын негиздөөчүсү жана башкы директору Татьяна Бакальчукту кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда тараптар электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн келечегин жана “Вайлдберриз” базарынын алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Анын алкагында улуттук почта оператору “Кыргызпочтасы” менен кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык сооданы, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин алкагында өнүктүрүү үчүн салык жана бажы системаларын шайкеш келтирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Акылбек Жапаров ата мекендик өнүмдөрдү экспорттоо боюнча чакан бизнести өнүктүрүү жаатында көптөгөн аракеттер көрүлүп жатканын үчүн белгиледи.  

Ал эми Татьяна Бакальчук Кыргызстандагы жеңил өнөр жайдын өнүгүшүнө жогору баа берип, кыргыз өндүрүшүнүн товарлары "Вайлдберризде" өзгөчө орунду ээлегендигин белгиледи.

“Кыргызстандын өкмөтү чакан бизнести өнүктүрүү үчүн абдан жагымдуу шарттарды түзүп жатат, бул жеңил өнөр жайынын уникалдуу кластери. Айрыкча үйдө отурган кыз-келиндер тигүүчүлүктү гана үйрөнбөстөн, жасаган буюмдарын сатып, сооданы дагы үйрөнүшкөнү кубандырат. Бул абдан чоң иш”, - деди Татьяна Бакальчук. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу