«Акылман» президенттик лицейине кабыл алуу тартиби өзгөртүлдү

02.05.2024, 11:30 Акчабар
«Акылман» президенттик лицейине кабыл алуу тартиби өзгөртүлдү

2024-2025-окуу жылына карата “Акылман” президенттик лицейине окуучуларды кабыл алуу талаптары өзгөртүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Лицейге кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлүп, тандоого жеке менчигине жана тибине карабастан Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмундарында учурда 6- жана 8-класста “жакшы”, “эң жакшы” баада окуган окуучулар катыша алат.

Тандоонун жыйынтыгында жалпы 6-класстар арасында эң жогорку балл алган 72 окуучу кабыл алынса, 8-класстар арасында 48 окуучу кабыл алынат. 

Конкурстук тандоо  лицейдин администрациясы тарабынан төмөнкү графикке ылайык өткөрүлөт:

6-класстардын окуучулары үчүн:

- 2024-жылдын 10-майына чейин “Телеграм” тиркемесинде “Акылман” кабыл алуу-2024” тобунда https://t.me/akylmanpresidentialschool шилтемеси аркылуу каттоодон өз алдынча өтүү узартылат;

  • 1-тур: 11-майдан 16-майга чейин - онлайн тестирлөө;
  • 2-тур: 20-майдан 24-майга чейин - 1-турдун жыйынтыгында жалпы катышуучулардын санынан рейтинг боюнча эң жогорку балл алган 50% окуучулар үчүн онлайн тестирлөө;
  • 3-тур: 27-майдан 2-июнга чейин - 2-турдун жыйынтыгында жалпы катышуучулардын санынан рейтинг боюнча эң жогорку балл алган 30% окуучулар үчүн оффлайн тестирлөө.

8-класстардын окуучулары үчүн:

  • 2024-жылдын 15-майынан 25-майына чейин “Телеграм” тиркемесинде “Акылман” кабыл алуу-2024” тобунда https://t.me/akylmanpresidentialschool шилтемеси аркылуу каттоодон өз алдынча өтүү;
  • 1-тур: 1-июндан 6-июнга чейин - онлайн тестирлөө;
  • 2-тур: 10-июндан 14-июнга чейин - 1-турдун жыйынтыгында жалпы катышуучулардын санынан рейтинг боюнча эң жогорку балл алган 50% окуучулар үчүн онлайн тестирлөө;
  • 3-тур: 18-июндан 22-июнга чейин - 2-турдун жыйынтыгында жалпы катышуучулардын санынан рейтинг боюнча эң жогорку балл алган 30% окуучулар үчүн оффлайн тестирлөө.

Тэги: Акылман билим берүү мектеп-лицей

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу