Акыркы 10 айда Кыргызстанда  5 миң 185 үй-бүлөлүк зомбулук катталган

27.11.2019, 10:38 Акчабар
Акыркы 10 айда Кыргызстанда  5 миң 185 үй-бүлөлүк зомбулук катталган

"Зомбулукка каршы 16 күн" акциясы башталды. Бул өнөктүк алкагында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы түрдүү иш-чаралар уюштурулат.

Жыл сайын 16 күндүк акция өткөрүү чечимин 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алган. Ал 25-ноябрь - Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, 2019-жылдын он айында Кыргызстанда 5 миң 185 үй-бүлөлүк зомбулук катталган.

Адистердин айтымында, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын 74,5 пайызы сабалып, 24,9 пайызы психикалык кысымга алынат. 

 

 

Тэги: үй-бүлөлүк зомбулук Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу