Акыркы үч айда ИДПнын реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү

26.04.2022, 11:51 Акчабар
Акыркы үч айда ИДПнын реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү

Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларына алдын ала эсептөө боюнча ИДПнын көлөмү 144 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү.Бул тууралуу кечээ, 25-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйында каржы министринин орун басары Мэлс Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, белгиленген план боюнча республикалык бюджетке 51 млрд 301 млн сом түшмөк, иш жүзүндө 52 млрд 985 млн сом жалпы киреше түшүп, план 103,3%га аткарылды. 

“2022-жылдын январь-март айларында республикалык бюджеттен жалпы чыгашалардын көлөмү 49 млрд 72 млн сомду түздү”, - деди Аттокуров.

Белгилей кетсек, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында Кыргызстандын 2022-жылдын январь-март айларындагы республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу маалыматты укту.

Тэги: ИДП республикалык бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу