«Ала Тоо Сүт» Өзбекстанга сүт азыктарын жеткирет

23.08.2022, 09:27 Акчабар
«Ала Тоо Сүт» Өзбекстанга сүт азыктарын жеткирет

ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн ишкер аялдардын Ташкентте өткөн биринчи конференциясында “Ала Тоо Сүт” компаниясы 1 миллион долларга келишим түздү.

Конференцияга Соода-өнөр жай палатасынын коллегия мүчөсү Асел Атабекова, өлкөнүн ишкер айымдары, тактап айтканда, "Борбор Азия аялдар лигасы" коомдук фондунун өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Конференциянын алкагында салттуу B2B жолугушуулары өткөрүлдү, анын жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын кызматташуусу жөнүндө макулдашуу;
  • "Ала Тоо Сүт" айыл чарба кооперативи тарабынан сүт азыктарын экспорттоо боюнча 1 млн$ келишим;
  • эки өлкөнүн консалтинг-укуктук жана аудитордук компанияларынын кызматташуусу жөнүндө макулдашуу;
  • "Борбордук Азиянын Аялдар Лигасы" КФ менен Өзбекстандын Ишкер аялдар клубунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Бул конференциянын максаты аялдардын бизнесин бириктирүү жана тышкы экономикалык байланыштар жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү үчүн бирдиктүү аянтча түзүү болду.

Тэги: молочная продукция Узбекистан экспорт Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу