Кыргызстанда селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар жана Транспорт жана коммуникация министрлигинин жана башка мамлекеттик түзүмдөрдө селдин кесепеттерин жоюуга күчү, техникалык каражаттары жетиштүү.
"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, селдин жүрүшүнөн келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан такталып чыккан соң жарандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт", - деди ал.
Эскерте кетсек, өлкөдө жаан-чачындын айынан Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынын бир катар айылдарына сел жүрүп, үйлөрдү суу каптап, селдин кесепетинен 1 адам каза болду.