Алай районунда “Акпари эне” балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, балдар бакчасы Б. Абжапаров атындагы мектептин бош турган имаратына жайгаштырылды.
“Ага Алай райондук өнүктүрүү фондунан 2 млн 553 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 237,0 мин сом, демөөрчүлөр тараптан 350,0 миң сом акча каражаты капиталдык ремонттон өткөрүү, жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн”, - деп айтылат маалыматта.
Бала бакча 60 балага ылайыкталган, 16 жаран жумуш менен камсыз болду.