Алай районунда 65 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

19.04.2024, 12:49 Акчабар
Алай районунда 65 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Алай районундагы 65 млн 350 миң сомду түзгөн жай мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, мурдагы “Гүлша-автобекети” мыйзамсыз менчиктештирилген. Анын акцияларынын 70%ы, жалпы аянты 0,42 гектарга жакын жер тилкесин жана 135 чарчы метрди түзгөн административдик имараты сатылган. 

Сатып алган тарап аны коомдук базар катары иштетип келген.

0,42 гектар жер тилкеси менен борбордук автобекет жана 135,0 чарчы метрди түзгөн административдик имарат ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды.

Тэги: Алай району мамлекеттик жер УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу