Алайдагы памирлик кыргыздар кесиптик лицейде окуй баштайт.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, аларга бүгүнтөн тарта Ош облусунун Гүлчө айылындагы №67 кесиптик лицейде электр, газ ширетүүчү, айдоочулук, тигүүчүлүк кесиптери боюнча билим берилет.
Анын алкагында, памирлик кыргыздарды иш менен камсыз кылуу аракети көрүлөт.