Аламүдүндө дээрлик 10 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Көк-Жар айылында жайгашкан объект 140 орунга чакталган.
Долбоорго ылайык, балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн санитардык нормаларды сактоого жана билим берүү программаларына ылайыкталган шарттар каралган.