"Унаа" мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн бөлүмү бүгүн иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Төмөнкү-Ала-Арча айылындагы Школьный проспектиси, 7а дарегинде жайгашкан "Унаа" ишканасынын Аламүдүн бөлүмү айылдагы электр энергиясын жакшыртуу боюнча профилактикалык иштерге байланыштуу 30-июлда иштебей турганы айтылды.
Транспорттук каражаттарды каттоо боюнча мамлекеттик кызмат Бишкектеги Ч.Валиханов көчөсү 2 дарегиндеги авто борбордо жеткиликтүү болот.