Alibaba компаниясы - AliExpress интернет-магазиндин ээси - 11-ноябрда ири суммага соода жүргүзүп, рекорд койду. Бул күнү Кытайда бойдоктордун күнү белгиленген. Бир күн ичинде Alibaba Group Holdings Ltd 38.3 млрд $ тапты. Бул тууралуу reporter.kg «Синьхуа» агенттигинин басылмасына таянып, жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 200 өлкө 22 миң ден ашык бренд товарга соода кылышкан.
2018-жылдын 11-ноябрында кытайлык компания бир сутка ичинде 30.8 млрд $ сатты. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 21.7% көп болгон.
Alibabaнын бир сутка ичинде жүргүзгөн соодасынын каражаты, Кыргызстандын 19 жылдык бюджетин түзөт. 2018-жылы бул 142.6 млрд сомду түзгөн же 2.07 млрд $ түзгөн.