Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалды. Маалыматты "Акчабардын" өздүк булактар тастыктады.
Бул кызматты буга чейин Аида Төлөгөнова аркалап келген. Анын эмне себептен кызматтан кеткени тууралуу маалымат жок.
Алмамбет Шыкмаматов 2010-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, 2011-жылдын мартынан декабрына чейин Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген. 2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын февралына чейин Юстиция министри болгон.
2021-жылы Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору болсо, 2022-жылдан бери Жогорку Кеңештин "Ынтымак" фракциясынын курамында.