Стамбулда Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Н. Баясов “ALTINOK Consulting Engineering Inc” компаниясынын президенти Энвер Алтынок менен жолугушту.
Анда логистика тармагында эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Мындан тышкары, компания өкүлдөрү Кыргызстандагы инвесторлорго берилген мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.
Ошондой эле, ВСП жана ВСП+ преференциалдык статусунун алкагында Европа Бирлигинин рынокторуна чыгуучу экспорттук мүмкүнчүлүктөр, Улуу Британияга жеңилдетилген же нөлдүк тарифтер боюнча жана Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн соода схемасынын (DCTS) алкагында жөнөкөйлөштүрүлгөн шарттарда экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана Евразия Бажы биримдигинин потенциалы боюнча маалымат алышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар логистика тармагындагы долбоорлорду илгерилетүү жана логистикалык борборду куруу максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Белгилеп кетсек, “ALTINOK Consulting Engineering Inc.” – ири инфраструктуралык долбоорлор менен алектенген консалтинг фирма. Компания 1967-жылы негизделген жана учурда анда 480ден ашык инженерлер иштейт. Ошондой эле, компания ISO9001, ISO14001 сыяктуу сапат стандарттарына ээ.