Алты айда Орусиядагы 4,7 миң мигрант Эмгек министрлигине жардам сурап кайрылган

11.07.2024, 12:10 Акчабар
Алты айда Орусиядагы 4,7 миң мигрант Эмгек министрлигине жардам сурап кайрылган

Жарым жылда 4,7 миң эмгек мигранты жардам жана кеңеш алуу (консультация) алуу үчүн кайрылган. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Мекеменин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кыргызстандыктардын укуктарын коргоо боюнча 25 соттук отурумга катышып, 65тен ашык жолу Москва шаарынын полиция бөлүмдөрүнө барышкан. Ал эми чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборлоруна 9 жолу барып, 160тан ашуун жарандар менен жолугушууларды өткөрүштү.

Министрлик өкүлчүлүккө КР жарандарынын сөөгүн мекенине репатриациялоого байланыштуу бир жолку төлөмдөр жана жумуш берүүчүлөр менен эмгек талаш-тартыштары, анын ичинде эмгек акыларын төлөбөгөндөр боюнча да кайрылса болорун эскертет.

 

 

Тэги: Орусия мигрант консультация кыргызстандык мигранттар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу