Алтын казган ишканалар үчүн киреше салыгы төмөндөбөйт

24.11.2020, 17:45 Акчабар
Алтын казган ишканалар үчүн киреше салыгы төмөндөбөйт

Алтын казган ишканалар үчүн киреше салыгы төмөндөбөйт. Бул тууралуу өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди. 

Депутаттар өкмөткө 2023-жылга чейин киреше салыгын төмөндөтүү боюнча сунуш менен кайрылышкан. Бирок министрлер кабинети алтынга болгон баанын кымбаттыгына байланыштуу, компаниялар жогорку көлөмдөгү салыкты төлөй аларына ишенишет. 

«Алдын ала кеңешүүдө, салыктын бул түрүн киргизүү боюнча эч кандай сын-пикир уккан жокпуз. Албетте, көп салык төлөөгө эч ким кызыкдар эмес. Эгерде алтынга болгон баа дароо төмөндөп кетсе, биз сиздер менен салыктын төлөө мөөнөтүн жылдыруу маселесин карайбыз», — деп жооп берди ал. 

 

Белгилей кетсек, тоо-кен казып алуу жана тоо-кен кайра иштетүү ишканаларына болгон салык 7% көтөрүлгөн. Тиешелүү мыйзам экс-президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан үстүбүздөгү жылдын 25-августунда кол коюлган. Бул мыйзам долбоору кол коюлган күндөн кийин эки айдан соң күчүнө кирген. 

Тэги: киреше салыгы алтын Ишкана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу