Лейлектен Кара-Балтага чейин контрабандалык жол менен ташылган алтынга УКМК «крыша» болуп турабы?

25.02.2020, 10:30 Акчабар
Лейлектен Кара-Балтага чейин контрабандалык жол менен ташылган алтынга УКМК «крыша» болуп турабы?

«26 тонна алтын казылды деп айтып жатышат. Анын ичинен Кумтөр жана башка компаниялар мамлекетке канча салык төлөштү?» - деп сурды ЖК депутаты Мурадыл Мадеминов, бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында. 

Мамлекеттик салык кызматынын орун басары Айдай Карагулованын айтымында, Кумтөрдөн 2019-жылы 7,5 млрд сом салык түшкөн. Башка алтын казган компаниялардан - 823 млн сом салык түшкөн. 

«18 тонна алтындан 7,5 млрд сом салык, ал эми 8 тонна алтындан - 823 млн сом салык түшүптүр. Мамлекеттик салык кызматы, эмнеге мындай? Демек, Кумтөр пайдалуу экен да», - деп билдирди Мадеминов.  

Буга жооп катары Карагулова, «бул алтын кен казган компанияларга болгон салыктын бир гана түрү. Кумтөрдө дүң продуктуга болгон салык бар, ошондон эле 7,5 млрд сом түштү. Ал 823 млн сом - бул салыктын бир гана түрүнөн бюджетке түштү», - деп билдирди. 

«Жалпысынан тоо-кен кказуу тармагынан 2019-жылы 14 млрд сом салык түшкөн», - деп кошумчалады Карагулова. 

Бул жоопко депутат МСК орун басарын, сөздү башкага бурбай, жооп берүүсүн талап кылды. 

«Эмне үчүн 8 тонна алтындан болгону 800 млн сом салык түштү, а 18 тоннадан - 7,5 млрд сом салык түштү? Бул эмне деген өкмөттүн саясаты? Силер өзүңөр жер казынасын - элдин байлыгы деп айтып жатпайсыңарбы. Эмне үчүн элдин кызыкчылыгы үчүн иштебейт? Түшүндүрмө бергиле», -  деп сурады эл өкүлү. 

Өнөр-жай, эжнергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча Мамлекеттик комитеттин орун басары Карыбек Ибраев, ачык-айкындуулук болуу үчүн учурда тоо-кен казуу тармагында анализ жүргүзүлүп жатат, - деп билдирди. 

Ири тоо-кен казуу ишканаларынан 11 млрд 200 млн сом салык түшкөн, - деп билдирди Ибараев. 

Мадеминов бул жоопка канааттанбаганын билдирип, кийинки жыйынга толук түшүндүрмө берүүсүн талап кылды. 

Андан сырткары Мадеминов: «Кара-Балтада кытайлардын алтын иштетүүчү фабрикасы бар. Ким билет?», - деп сурады. 

«Көрдүңөрбү, эч кимиңер билбейсиңер», - деп билдирди депутат. 

«Өткөндө Нарында, алтын аралашмалары бар таш табылган. Лейлектен Кара-Балтага чейин алтын ташып келишет, ылайыктуу жабдыктары бар. Бул ташта канча грамм алтын бар? Бул контрабанда. Эмнеге силер билбейсиңер? Сурасаң, «крышасы» УКМКда отурат деп айтышты», - деп билдирди Мадеминов. 

 

 

Тэги: алтын контрабанда ГКНБ УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу