Алтынбек Сулайманов кызматтан кетти

27.09.2022, 12:19 Акчабар
Алтынбек Сулайманов кызматтан  кетти

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын сынга алып, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктарын токтотуп жатканын билдирди.

"Сиздер билесиздер, мен дайыма жергиликтүү өз алдынча башкарууну түп-тамырынан бери реформалоону сунуштап келгем. Ар дайым жергиликтүү бийликтин, губернаторлордун, акимдердин, айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгүн сынга алып келгем. Ошентип, өзүм губернатор болуп калдым. Ал эми жергиликтүү бийликтин туура эмес жагын өз көзүм менен көрдүм. Мындай форма менен аймактарда эч качан өнүгүү болбойт деп ишенем", — деп жазган Сулайманов басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Анын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу олуттуу реформага муктаж. 

"Мен саясатчы катары ар дайым ишти логикалык аягына чыгарууга аракет кылам. Мындай өзүн-өзү башкаруу системасы менен менин аракетим текке кетет. Ошондуктан, мен убакытты текке кетиргим келген жок”, - дейт Алтынбек Сулайманов.

Тэги: новости Кыргызстана Иссык-Кульская область Алтынбек Сулайманов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу