«Альянс Алтын» компаниясы КОСУнин индустриалдык өнөктөшү болуп калды

06.03.2024, 19:15 Акчабар
«Альянс Алтын» компаниясы КОСУнин индустриалдык өнөктөшү болуп калды

«Альянс Алтын» ЖЧКсы Кыргыз-Орус Славян университетинин индустриалдык өнөктөшү болуп калды. Бүгүн тоо-кен казуу компаниясы менен университеттин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул документте «Альянс Алтын» жана КОСУнун билим берүү, ошондой эле илимий жана практикалык чөйрөлөрдө да кеңири өз ара аракеттенүү тармагы каралган.

«Бүгүн биз Кыргыз-Орус Славян университети менен узак мөөнөттүү кызматташуунун биринчи чоң кадамын жасадык. Ал окутууну уюштурууга, окутуунун формаларын жана ыкмаларын кеңейтүүгө, кесипке багыт берүүнү жакшыртууга, ошондой эле биздин компаниянын кызматкерлеринин да, региондогу орто мектептердин мугалимдеринин да, тармактар аралык окуу борборлорунун окутуучуларынын квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле өндүрүштүк практиканы жана аналитикалык, изилдөө иштерин биргелешип өткөрүүгө да багытталган. Биздин кызматташуубуз жогорку натыйжаларга жетишүүгө жана билим берүүгө чоң салым кошууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз», - деди «Альянс Алтын» компаниясынын директору Сабир Рахматов.

КОСУнин ректорунун милдетин аткаруучу Денис Фомин-Ниловдун сөзү боюнча кол коюлган документ бул узак мөөнөттүү жана стратегиялык мүнөздөгү документ болуп эсептелет. 

«Биздин студенттер үчүн бул өз ара аракеттенүү билим деңгээлин сапаттык жактан жогорулатууга багытталган. Биз индустриалдык өнөктөш менен байланышты бир топ чыңдай алабыз, анткени университеттердин негизги милдети — экономика үчүн адистерди даярдоо болуп саналат», — деп белгиледи Фомин-Нилов.

Меморандумга кол коюнун салтанаттуу аземине катышкан КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу университет менен ири ишкананын ортосунда меморандумга кол коюлушу бул жумуш ордунда окутуу идеясын алдыга жылдыруу жагынан жалпы эле кыргыз билим берүү тармагы үчүн да абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

«Бул дуалдык билим берүүнүн жанданышына өбөлгө түзөт, анда окуу процессинин катышуучулары түздөн-түз өндүрүш процессине катышат. Акыркы 20-30 жылдын ичинде биз өндүрүш менен бардык байланыштарды жоготтук. Кол коюлган документ ушундай өз ара мамилелерди өнүктүрүүгө оң түрткү берет деп ишенебиз», - деди ал.

Муну менен бирге КОСУнун студенттери гана эмес, «Жерүй» ишканасында практикадан, өндүрүштүк-окуудан жана дипломду алуу алдындагы практикадан да өтө алышат. «Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлери ишкананын керектөөлөрүнө ылайык КОСУнун Орусиядагы өнөктөш жогорку окуу жайларында окуудан өтүшөт.

Мындан тышкары, кол коюлган меморандумдун шарттары боюнча, «Альянс Алтын» жана КОСУ биргелешкен илимий-изилдөөлөрдү, аналитикалык изилдөөлөрдү жана кен казуучу компаниянын технологиялык процессин жакшыртууга көмөктөшүүчү прикладдык иштеп чыгууларды жүргүзүшөт. Ошондой эле тоо-кен компаниясынын базасында КОСУнун профессордук-окутуучулук курамынын иштеп чыгууларын жана идеяларын технологиялык сыноодон өткөрүү пландаштырылууда.

«Бул эки тарапка тең ыңгайлуу, өз ара пайдалуу кызматташтык. Компания үчүн - бул жаңы кадрлар жана университеттин окумуштууларынын күчү менен өтө конкреттүү, прикладдык маселелерди чечүү дегенди билдирет. Университет үчүн - бул студенттерди практикалык базада окутуу мүмкүнчүлүгү. Студенттик кезинен тарта эле адамдар келечектеги кесибине тереңдеп кирип, келечекте алар иштей турган жабдуулардын үстүндө иштей баштаганы абдан маанилүү”, - дейт Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим министринин орун басары Константин Могилевский.

«Альянс Алтын» Талас облусунун өнүгүүсүнө жигердүү салым кошкон ири социалдык жоопкерчиликтүү компания болгондуктан, университет тарабынан уюштурулган курстун маанилүүлүгүн ал баса белгиледи.

 

 

Тэги: Альянс Алтын билим берүү меморандум тоо кен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу