«Альянс Алтын» Таласта ачылган бала бакчаны эмерек менен камсыздады

23.11.2023, 16:37 Акчабар
«Альянс Алтын» Таласта ачылган бала бакчаны эмерек менен камсыздады

Талас облусунун Айтматов районунун Кара-Буура айылында бала бакча ачылды. 

Аталган бала бакча 2021-жылы курулуп баштаган. Имарат мамлекеттик, жергиликтүү жана өнүктүрүү фонддорунан каржыланган. Ал эми жабдыктарды алууга “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду 406 миң сом акча бөлгөн. 

"Биздин “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду ар дайым  Талас облусун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн колдоо көрсөтүп келет. Алардын бири “Эркеле” бала бакчасына эмерек алып берүү болду. 50 орундуу бала бакчадан келечекте элибиздин керегине жараган уул-кыздар тарбияланып чыгат деп ишенебиз”, - деди “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондусунун директорунун милдетин аткаруучу Батырбек Качкымбаев. 

Иш чарага катышкан облус башчысы Нурлан Дарданов Талас облусунда 2023-жылга ачылышы пландалган сегиз билим берүү мекемесинин төртөө ачылып, калганы дагы жыл аягына чейин пайдаланууга берилээрин айтып, Кара-Буура айылындагы жаңы ачылган бала бакчаны ички эмеректери менен камсыздоодо көмөк көрсөткөн “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондусуна ыраазчылыгын билдирди . 


Эске сала кетсек, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Талас облусундагы Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” ЖЧКсы тарабынан түзүлгөн. Аталган фондго компания 2016-жылдан тартып 1 млрд, 50 млн сом каражат которгон. 

 

Тэги: Альянс Алтын бала бакча жардам акчалай жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу