Америкалык миллиардерлер пандемия учурунда кирешелерин 434 млрд $ көбөйтө алышты

22.05.2020, 17:10 Акчабар
Америкалык миллиардерлер пандемия учурунда кирешелерин 434 млрд $ көбөйтө алышты

Пандемия учурунда америкалык миллиардерлердин кирешелери токтоп калбай, тескерисинче көбөйдү. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы Americans for Tax Fairness жана Institute for Policy Studies изилдөөсүнө таянуу менен билдирди. 

 

 

18-марттан 19-майга чейин «АКШнын 600+ бай жашоочуларынын» тизмесиндегилер 434 млрд доллар киреше табууга үлгүрүшкөн. Март айында Штатта катталган 614 миллиардер болсо, май айында алардын саны 630га жеткен. 

Маалым болгондой, пандемия маалында эн көп киреше тапкандар: Амазондун жетекчиси Жефф Безос (34.6 млрд $ байыган), Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг (25.3 млрд $ байыган), Microsoft компаниясын негиздөөчү Билл Гейтс (8 млрд $ байыган), Oracle компаниясынын кош негиздөөчүсү Ларри Эллисон (7 млрд $ байыган), Berkshire Hathaway компаниясынын жетекчиси  Уоррен Баффет (564 млн долларга байыган) болгон. 

Бул убакыт аралыгында эң чоң ийгиликтерге технологиялык компаниялардын ээлери жетишти, анткени дүйнө жүзүндө киргизилген изоляция режимине байланыштуу көптөгөн процесстер онлайн форматка өткөн.

Тэги: АКШ пандемия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу