ЕӨБ: Быйыл Кыргызстанда ИДПнын өсүшү басаңдайт

20.02.2023, 12:11 Акчабар
ЕӨБ: Быйыл Кыргызстанда ИДПнын өсүшү басаңдайт

Кыргызстандын ички дүң продукциясы 2023-жылдын январында 4,8%га өстү, деп билдирди Евразия өнүктүрүү банкынын басма сөз кызматы.

"Ушул жылдагы ишкердик жигердүүлүктүн жылдык динамикасы көбүнчө 2022-жылдын январь айынын төмөн көрсөткүчтөрүнө байланыштуу", - деп айтылат маалыматта.

Алсак, өнөр жайда өндүрүш өткөн жылдын январь айында 1,2%га төмөндөгөндөн кийин 7,5%га, дүң жана чекене соодада 11,7%га өскөн (бир жыл мурда 13,3%га төмөндөгөн).

Айыл чарбасында жылдык өсүү темпи 2022-жылдын декабрь айындагы 19,3%дан 1,7% га төмөндөдү. Инвестициялык активдүүлүк ордунда калган (0,1%).

"Биз ИДПнын өсүшү бара-бара тең салмактуулук деңгээлине карай басаңдай баштайт жана 2023-жылдын акырына карата 3,5% жетет деп болжолдойбуз", - деп жазат талдоочулар.

Тэги: экономика новости Кыргызстана ВВП ЕАБР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу