Англис тили экономикалык атаандаштыкты жогорулатат. Кыргызстан 91-орунда

15.09.2023, 10:30 Акчабар
Англис тили экономикалык атаандаштыкты жогорулатат. Кыргызстан 91-орунда

Дүйнөдө Кыргызстан англис тилин билүү боюнча 91-орунда, тагыраагы өтө төмөн билген өлкөлөрдүн катарына кирет. Мындай маалымат Швейцариялык англис тилин окутуу боюнча эл аралык билим берүү борбору “EF Education First” “English Proficiency Index” изилдөөсүндө айтылат.

2022-жылкы изилдөөдө англис тилдүү эмес 111 өлкөдө жарандардын англис тилин билүү жөндөмдөрү каралган.

Изилдөөгө ылайык, англис тилдүү эмес мамлекеттердин ичинен дүйнөдө англис тилин билүү боюнча Нидерланды биринчи орунда. Экинчи орунда Сингапур, ал эми үчүнчүдө Австрия турат. Ал эми Кыргызстан эң акыркы катарда 91-орунда экендиги аныкталган.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан 89-орунда болсо, Казакстан тизмеде 99, ал эми Тажикстан 106 орунда турат. Бул тизмеге Түркмөнстан кирген эмес.

Ошондой эле, изилдөө англис тили экономикалык атаандаштыкты жогорулатары, чек арасыз маалымат алмашуунун тили экендиги, мындан улам билимге жана тажрыйбага жетүүнүн, өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жана жаңы рынокторго чыгуунун негизги компоненти экендиги айтылган.

“Биз англис тили менен соода, инновация, адам капиталын өнүктүрүүнүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн ортосунда күчтүү байланышты таптык”,- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, англис тилинде иштеген уюмдар, компаниялар ар түрдүү таланттарды өзүнө тартып, кеңири булактардан алынган идеяларды жана маалыматтарды ала алышат. Англис тилинде сүйлөгөндөр өнөктөштөр менен, өз уюмдарынын ичинде эл аралык кызматташууга ыкташары айтылат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу