Улуттук банк Ысык-Көлдө жайгашкан "Хан Плюс" ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жайынын лицензиясын жокко чыгарды.
Маалыматка ылайык, 25-августка карата республикада 371 акча алмаштыруу бюросу иштеп жатат. Алардын жарымынан көбү - 57,14% Бишкек шаарында катталган.