Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан 2022-жылдын төртүнчү кварталында монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө максатында ишкердик субъекттерине үч жолу текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.
Кеп "Кант цемент заводу"ААК, "Кыргызтелеком" ААК жана "Кыргыз почтасы" ААК жөнүндө болуп жатканы такталды.
Отчеттук кварталда өткөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кызматтын коллегиясы 29 млн 374,77 миң сомду республикалык бюджеттин пайдасына өндүрүү боюнча чечимдерди кабыл алган.