Көмүрдүн баасын жогорулаткан ишкерлерге айып пул салына баштады

04.11.2021, 09:42 Акчабар
Көмүрдүн баасын жогорулаткан ишкерлерге айып пул салына баштады

Монополияга каршы агенттик көмүрдүн баасын жогорулаткан ишкерлерге айып пул сала баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Отун базаларын жана көмүр сатуучу жайларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча монополияга каршы агенттиктин кызматкерлери тарабынан беш административдик айып салынып, ошондой эле мыйзам бузууну токтотуу боюнча көрсөтмөлөр берилди.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Свердлов жана Ленин райондорунда көмүрдүн тоннасы 4,8 миң сомдон 5,2 миң сомго чейин сатылып жатканы аныкталган. Бул боюнча башкармалыктын кызматкерлери тарабынан протоколдор түзүлүп, 5 административдик айып салынды", - деп түшүндүрүштү мекемеден.

Эске салсак, октябрь айынын башынан бери Кыргызстанда 90 күндүк мөөнөт менен бааларды мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Алсак, Бишкек шаарында калк үчүн көмүрдүн максималдуу баасы 4,4 миң сом, жүктөө 4,5 миң сом деп белгиленген.

Тэги: уголь цены рейд штрафы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу