ЖК аппаратынын апрель айындагы чыгашасы 1.8 млн сомго көбөйөт

08.04.2020, 12:00 Акчабар
ЖК аппаратынын апрель айындагы чыгашасы 1.8 млн сомго көбөйөт

Апрель айында республикалык бюджеттин чыгашасы Жогорку Кеңештин аппаратын камсыздооо үчүн дагы 1 млн 881.5 миң сомго жогорулап, 37 млн 704.8 миң сомду түзөт. Бул маалымат финансы министрлигинин 2020-жылдын апрель айындагы республикалык бюджеттин планында жазылган. 

Кошумчалай кетсек, март айында ЖК аппаратынын чыгашасы - 35 млн 823.3 миң сомду түзгөн. Жалпысынан  Жогорку Кеңешке апрель айында казынадан 50 млн 227.4 миң сом бөлүнүп берилет. 

Эске сала кетсек, кечээ, 7-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев конференция учурунда, өкмөт бюджет каражаттарын үнөмдөөгө өткөнүн билдирген. 

Тэги: аппарат ЖК чыгаша апрель

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу