«Apple» компаниясы Орусияга 12 млн доллар айып пул төлөдү

01.03.2023, 10:20 Акчабар
«Apple» компаниясы Орусияга 12 млн доллар айып пул төлөдү

Орусиянын соту америкалык “Apple” компаниясын мобилдик тиркемелер базарында үстөмдүгүн пайдаланды деген айып менен 12,12 миллион доллар айыпка жыккан. Бул тууралуу Voice of America жазды.  

Маалыматка ылайык, бул иш 2020-жылы "Лаборатория Касперского" компаниясынын арызынан кийин башталган. Анда "Лаборатория Касперского" компаниясынын ата-энелерге арналган Кaspersky Safe Kids тиркемесин AppStore кабыл алган эмес. 

“Apple” коюлган айыптоолорду четке каккан. Компания бул чечимди апелляцияга берген, бирок аны Орусиянын соту күчүндө калтырган.

"Ушул аптада АКШ тарабынан “Apple” компаниясы антимонополияга каршы 906 миллион рубль айып төлөдү", - деп билдирген Орусиянын Федералдык монополияга каршы кызматы. 

Белгилей кетсек, 2022-жылы марттын башында “Apple” Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтоткон.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу