Апрель айында республикалык бюджеттин дефицити 18.7 млн сомду түзөөрү күтүлүүдө

08.04.2020, 09:50 Акчабар
Апрель айында республикалык бюджеттин дефицити 18.7 млн сомду түзөөрү күтүлүүдө

Апрель айында республикалык бюджетте дефициттин болушу күтүлүүдө. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, бюджеттин кирешеси - 12 млрд 549 млн 982 миң сомду, чыгаша - 12 млрд 568 млн 739 миң сомду түзөт. Муну менен катар чыгаша кирешеден 18 млн 757 миң сомго көп болот. 

Чыгашанын басымдуу бөлүгү - мамлекеттик карызды жабууга жумшалган. Андан сырткары, Билим берүү министрлигинин (ведеомство аралык билим берүү жана маданий уюмдар) апрель айындагы чыгашасы - 2.1 млрд сом, Финансы министрлигинин Социалдык фондуна которгон каражаттын суммасы - 1.8 млрд сомду, социалдык өнүктүруү жана эмгек министрлигине - 875 млн 375 мин сомду түзгөн. 

Бюджет тартыштыгын кошумча ресурстар аркылуу (173.2 млн сом) жана мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу (843.3 млн сом) толуктоо пландалууда. 

 

 

Тэги: апрель республикалык бюджет дефицит киреше чыгаша

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу