Апрелде Бишкектеги бир нече кичи маршруттар каттамдан алынат

02.04.2024, 16:26 Акчабар
Апрелде Бишкектеги бир нече кичи маршруттар каттамдан алынат

10-апрелден тарта Бишкектин борбордук көчөлөрүн кичи маршруттук каттамдардан бошотуу иши башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ахунбаев көчөсү — 7 — апрель көчөсү (Курманжан Датка) – Чүй проспектиси-Манас проспектиси менен чектелген алкактан кичи автобустар чыгарылып, анын ордуна автобустар каттамга чыгат.

  • 10-апрелден тарта 135 кичи автобус шаарга кирбейт. Алар № 111, 118, 130, 134, 135, 136 каттамдар.
  • Экинчи этап 10-майдан башталып, 159 транспорт ( №138, 163, 192, 202, 207, 220) чыгарылат.
  • 1-июндан тарта 589 кичи маршрут шаар сыртына чыгарылат. Алар: № 224, 234, 243, 246, 257, 258, 275 жана “Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси” муниципалдык ишканасынын №150, 143, 131, 117, 112, 101, 164, 179, 185, 201, 211, 223, 227, 230, 240, 250, 252, 260, 285, 295-каттамдар.

Белгилеп кетсек, жакынкы аралыкта Бишкек шаарында бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Тэги: автобус кичи маршрут көчө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу