Ушул жылдын апрель айында Кыргызстанга акча которуулардын таза агылып кирүүсү 2022-жылдын апрелине салыштырмалуу 34%га (59,7 млн. долларга) азайды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Апрель айында Кыргызстанга трансферттердин көлөмү чыгып кетүүнү эсепке албаганда 115,7 млн. долларды түздү.
Январь-апрель айларында таза агылып кирүүлөр 25,5%га (148,6 млн. долларга – болжол менен) 434 млн. долларга чейин кыскарган.