«Арча-Бешик» конушуна суу ташуу иштери жүрүүдө

08.06.2023, 10:27 Акчабар
«Арча-Бешик» конушуна суу ташуу иштери жүрүүдө

“Арча-Бешик” конушунун тургундарын суу менен камсыз кылуу үчүн “Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан суу ташуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, "Киргизия" конушунда жана  №10 кичирайонунда  таза суу боюнча абал турукташты. Учурда “Бишкексууканал” башкармалыгы суу берүүнү көзөмөлгө алууда. 

Кошумчалай кетсек, суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында, Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан 7  суу топтомуна Чоң-Алыш каналы аркылуу 550-600 л/с көлөмүндөгү суу берилүүдө.

Белгилеп кетсек, күн ысый баштагандан тарта Бишкектин айрым конуштарында ичүүчү суу тартыш болууда. Мэрия мунун себебин, шаарда калктын саны өскөнү жана ичүүчү суунун сугат иштерине колдонулуп жатканы менен түшүндүрдү. Мекеме калкты сууну сарамжалдуу колдонууга үндөп жатат. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу