Кыргызстан менен Армениянын тышкы карызы көбөйдү

26.04.2023, 10:13 Акчабар
Кыргызстан менен Армениянын тышкы карызы көбөйдү

ЕАЭБ боюнча тышкы карыз (жалпы негизде) 2023-жылдын 1-январына карата өткөн жылдын 1-январына салыштырмалуу 106 млрд долларга же 14,9%га азайды. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын статистикасында айтылат.

Төмөндөө Беларуста, Казакстанда жана Орусияда байкалган (тиешелүүлүгүнө жараша 5,3%, 2,2% жана 21,1%га).

Өз кезегинде Арменияда карыз 10,2%га, Кыргызстанда 2,9%га өскөн.

Арменияда, Белоруссияда жана Кыргызстанда мамлекеттик органдардын карызы, Казакстанда түз инвестиция боюнча карыз (компаниялар аралык кредиттөө), Орусияда башка тармактардын карызы басымдуулук кылганы белгиленген.

Тэги: экономика новости Кыргызстана новости ЕАЭС внешний долг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу