Армения менен Кыргызстан ЕАЭБде ИДПнын эң жогорку өсүшүн көрсөттү

17.01.2023, 15:18 Акчабар
Армения менен Кыргызстан ЕАЭБде ИДПнын эң жогорку өсүшүн көрсөттү

Өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Армения менен Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинде ички дүң продукциянын эң жогорку өсүшүн көрсөтүштү. Мындай маалыматтар ЕЭК тарабынан берилген.

Алсак, 2022-жылдын январь-ноябрында 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Армениянын ИДПсынын өсүшү 12,6%ды, Кыргызстандыкы – 7,2%ды, Казакстандыкы – 3%ды түздү.

Ошол эле учурда Беларуста жана Россияда ички дүң продукциянын төмөндөшү тиешелүүлүгүнө жараша 4,7% жана 1,6% байкалган. Бул Евразия экономикалык биримдигинин жалпы ИДПсында чагылдырылып, 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу бүтүндөй биримдик боюнча 1,2%га төмөндөгөн.

Тэги: новости Кыргызстана экономика деньги ВВП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу