Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында Новиков өнөр-жай жана социалдык мекемелерди, «Терек-Сай» жана «KAZ Minerals Бозымчак» алтын өндүрүүчү ишканаларды кыдырат.
Эске сала кетсек, KAZ Minerals 2020-жылдын үчүнчү кварталында 230 миң тонна жез өндүргөн.