Арзыбек Кожошев бизнес коомчулук менен жолугушту

23.10.2021, 10:20 Акчабар
Арзыбек Кожошев бизнес коомчулук менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев бизнес өкүлдөрү менен ишкерлер чөйрөсүн тынчсыздандырган актуалдуу маселелерди талкуулады.

Жолугушуу ачык диалог форматында өттү, анын жүрүшүндө жаңы салык саясатынын маселелери, ишкерлердин жана инвесторлордун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын мамлекеттик кепилдигин камсыздоо, айыл чарбасын жана энергетикалык секторду өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы демилгелерди жана идеяларды жайылтуу, ошондой эле аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө көмөктөшүү чараларын кабыл алуу зарылчылыгы белгиленди. 

Кожошев мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө бизнес коомчулук менен бул сыяктуу аянтчада өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү тапшырды жана жолугушууларды кеминде кварталына бир жолу өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Тэги: Арзыбек Кожошев бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу