«Өкмөт МЖӨ долбоорун ишке киргизүүнү кечеңдетүүдө» — Сыдыков

11.02.2023, 11:22 Акчабар
«Өкмөт МЖӨ долбоорун ишке киргизүүнү кечеңдетүүдө» — Сыдыков

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Инвестициялык кеңештин жыйынында өкмөттү Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууну кечеңдетип жатат деп айыптады.

“Аэропорттор боюнча МЖӨ долбоорун белгилегим келет. Өткөн жайда ал жер үчүн конкурс өткөрүшү керек болчу. Бирок, алгач келишимге Бишкек аэропорту боюнча кол коюлган. Бирок, азыр алар Ош аэропортун да алууга даяр. Мен Министрлер кабинетинен МЖӨ долбоорлорун кечеңдетпөөнү суранат элем”, - деди Аскар Сыдыков.

Сыдыковдун билдирүүсүнө жооп кылып, Министрлер кабинетинин төрагасы буга чейин ЭИКтин жетекчиси Аскар Сыдыковдун Кумтөрдү улутташтырууга каршы чыкканын белгиледи.

“Сиз буга чейин да “Кумтөр” боюнча оюңузду айттыңыз эле. А алар (Кумтөр. — Ред.) салык гана төлөшчү. Азыр “Кумтөр” салыкты да, дивиденддерди да төлөп жатат, алтыныбыз калды. Учурда Улуттук банкта 45 тоннага жакын алтын бар”, - деди Акылбек Жапаров.

Тэги: экономика новости Кыргызстана Акылбек Жапаров Аскар Сыдыков проекты ГЧП дело Кумтора Аэропорт «Манас»

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу