"Халык Банктын" директорлор кеңешинин жаңы көз карандысыз мүчөсү пайда болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Мындай чечим бир күн мурун, 21-сентябрда кабыл алынган. Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору болгон Аскар Сыдыков бул кызматты төрт жылдык мөөнөткө аркалайт.