Асрандиев: Биздин өкмөт башка өнүккөн өлкөлөрдөй эле салык төлөмдөрүнөн толугу менен бошото албайт

07.04.2020, 10:50 Акчабар
Асрандиев: Биздин өкмөт башка өнүккөн өлкөлөрдөй эле салык төлөмдөрүнөн толугу менен бошото албайт

«Ачык айтыш керек, биздин өкмөт башка өнүккөн өлкөлөрдөй эле салык төлөмдөрүнөн толугу менен бошотуп же кайтарымсыз негизде насыялоо бере албайт», - деп билдирди КРнын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев өкмөттө өткөн брифингдин жүрүшүндө.

Анын айтуусуна караганда, бюджет мындай мүмкүнчүлүк түзүп бере албайт жана учурдагы кырдаалды так түшүнүү керек.

«Анткени биз республикалык бюджеттен каржыланган жарандарыбыз алдындагы милдеттерибизди аткарышыбыз зарыл – бул пенсияларды, жөлөк пулдарды жана айлык акыларын төлөө. Кошумча мүмкүнчүлүк жана өзүбүздүн стабилдүүлүк фонддор бизде тилекке каршы жок. Биз бизнеске жардам сураганда өзүбүздүн күчүбүздү реалдуу эсептеп алышыбыз керек», - деп билдирди ал.

Асрандиев кошумчалагандай, бизнеске жардам берүү маселеси учурда иштелип жатат.

«Учурда эки булак бар – РКӨФ жана биздин эл аралык донорлорубуз. $150 млн чейин каражаттарды көрсөтүү жөнүндө Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция Банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, бул каражаттардын 50%ы гранттык негизде берилет. Ошондой эле Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк жана Ислам Өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», - деп билдирди ал.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу