«Дордой» ассоциациясы Баткенде талкаланган бала бакчаны калыбына келтирет

06.05.2021, 17:30 Акчабар
«Дордой» ассоциациясы Баткенде талкаланган бала бакчаны калыбына келтирет

«Дордой» ассоциациясынын жетекчилиги жана аксакалдары Баткен облусунда болуп, жабыркаган тургундар менен жолугушуп, жарандардын чыныгы муктаждыктарын билип келишти.

Сапардын жүрүшүндө Ырысбек Мааткабылов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана облустун жашоочулары менен жолугушту. Ал курман болгондордун туугандарына чын жүрөктөн көңүл айтып, бардык жаракат алгандардын сакайып кетишин каалады.

Ырысбек Мааткабылов «Дордой» ассоциациясы Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда толугу менен талкаланган бала бакчаны калыбына келтирүү ниетин билдирди. Мындан тышкары, ал министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Артем Новиков менен жолугушуп, бузулган объектилерди калыбына келтирүүдө мамлекеттик органдарга жардам берүү маселелерин талкуулады.

«Ушул оор мезгилде жарандарыбызга жардам берүү биз үчүн абдан маанилүү. Күзүндө балдарыбыз жаңы имаратка кайтып келиши үчүн, бала бакчаны калыбына келтирүүнү чечтик. Тиешелүү процедураларды бүткөндөн кийин, биз курулуш иштерин баштоого даярбыз», - деди Мааткабылов.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Артем Новиков «Дордой» ассоциациясына ыраазычылыгын билдирип, жергиликтүү тургундарды курулушка тартууну сунуш кылды.

«Сиздин жардам берүү чечимиңизди жогору баалайбыз. Сиз гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча чоң иш уюштурганыңызды билебиз. Курулуш иштерине жергиликтүү калк тартылса жакшы болот. Ошентип, биз жумуш орундарын түзүп, тургундарга жардам беребиз. Азыр атайын комиссия келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Ал өз ишин бүтөр замат, сиз курулушту баштасаңыз болот», - деп белгиледи Артем Новиков жолугушууда.

 

Тэги: Дордой Баткенская область Ырысбек Мааткабылов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу