Ат-Башыдагы соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор жабылды

25.02.2020, 10:00 Акчабар
Ат-Башыдагы соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор жабылды

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор жабылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын 17-февралында Ат-Башы районунун жашоочуларынын бир бөлүгүнүн элдик жыйынынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган резолюцияга жооп катары төмөнкүлөрдү билдирет.

Ар бир өлкө үчүн логистикалык борбор түзүү экономикалык өсүш жана тышкы экономикалык байланыштар үчүн маанилүү фактор, ошондой эле «Ташуулар чынжырчасын башкаруу» системасынын зарыл курамы катары саналат. Учурда экономикалык ишмердүүлүктүн бул түрү Кыргыз Республикасында өнүктүрүүнүн баштапкы баскычында дээрлик колдонулбайт.

Индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруу Кытай Эл Республикасы менен транс чек аралык кызматташууну өз ара пайдалуу шартта активдештирүү жолу менен Нарын облусунун жана жалпы эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө шарт түзмөк. Анын артынан бир катар башка келечектүү долбоорлор жүзөгө ашырылат эле. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси аяктап калган жана февралдын аягы-марттын башында Экономика министрлигинин жана «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» ЖЧКсынын ортосунда «Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу» долбоорун ишке ашыруу тууралуу инвестициялык келишимге кол коюу пландалып жаткан.

Бирок, Ат-Башы районунун калкынын бир бөлүгү бул долбоорду аткарууга каршы болгондуктан, аны мындан аркы ишке ашырууну токтотуу жана долбоорду башка рынокторго багыттоо чечими кабыл алынды. «Нур Строй Монтаж» ЖЧКсынын жана «One Lead One Trading Limited» компаниясынын ортосундагы «Нарын» эркин экономикалык аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу тууралуу келишим жокко чыгарылды. Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 200 га жерди трансформациялоо жөнүндө токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул аймакты «Нарын» ЭЭАга берүүдөн баш тартуу жөнүндө буйругун жокко чыгаруу процесси даярдалууда. Кабыл алынган чечим тууралуу кошумча кабарланат.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү билдиргендей, ири бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга, кендерди өздөштүрүүгө тийиштүү бардык маселелер жергиликтүү коомчулук менен тыгыз иштешүү аркылуу чечилип келгенин жана чечилерин билдирет. Индустриалдык-соода-логистикалык комплекс боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү инвесторлор менен биргеликте Ат-Башы райондук айылдык кеңештери менен кеңешмелерди өткөрүп, алардын расмий колдоосу алынган. Ошондой эле жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуулар өткөрүлүп, мында долбоордун мааниси түшүндүрүлүп, аны ишке ашыруу жактырылган.

Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү индустриалдык-соода-логистикалык комплекстин курулушу үчүн берилген жерде айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруу үчүн инвестор тарабынан бөлүнгөн 45 млн сомго жакын өлчөмдөгү финансы каражаттарын кайтарууга даярданууда.

Тэги: Ат-Башы долбоор долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу