Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карыган ата-энесин багуудан качкан адамдарды жазалоону катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.
Ата-энени багуудан качкан балдарга 50-100 миң сом айып салуу же 1-2 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда.
Долбоордун демилгечиси Тазабек Икрамов.
Белгиленгендей, мыйзам долбоору майып ата-энесин багуудан качкан жана материалдык жардамга муктаж жашы жеткен эмгекке жарамдуу жарандарга жазаны катаалдаштыруу жана мамлекеттик кызматта иштөөсүн чектөө максатында иштелип чыккан.