Аттестаттагы каталардан улам мамлекет миллион сомго жакын чыгаша тартабы?

27.06.2019, 11:40 Акчабар
Аттестаттагы каталардан улам мамлекет миллион сомго жакын чыгаша тартабы?

Учурда Кыргызстандагы бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттары катасы менен басылды. Бул каталар жыл сайын кайталанууда. Айрыкча, 11-классты аяктагандардын орто билими туралуу күбөлүктөрү коомчулукта кызуу талкууга алынды.«Акчабар» финансы порталына ишенимдүү булактардан билдиргендей, каталар Билим берүү министрлиги тарабынан кетирилип жатканы айтылды. 

Быйыл Кыргызстанда 43 миң окуучу орто мектепти аяктап, аттестатка ээ болушту. Бирок,  алардын ичинде бүтүрүүчүнүн аттестаты жараксыз болуп калган же тиркемесинде одоно ката кеткени байкалган. Бизге белгилүү  болгондой негизги каталар Билим берүү министрлиги тарабынан  кетирилүүдө деп билдиришти. Министрлик «н» арибинин ордуна «ң» турганын «ката эффектиси» деп актанып, «д» тамгасы тургандыктан ушундай көрүнүп калды деп чыгышты. Бирок, бул катадан тышкары башка маанилик каталар дагы кездешүүдө.

«Каталар Билим берүү министрлиги тарабынан кетирилүүдө. Анткени, аттестаттар колго толтурулгандыктан, мугалимдер орусча жагына кыргызча жазып же баалары туура эмес жазылып, фамилялары дагы туура эмес жазылып,  айрым сөздөр түшүрүлүп, аттестаттарды жараксыз кылып коюшкандыктан кайрадан кайтарылууда»,-деп билдирди ишенимдүү булактан. 

Буга чейин ЖМК аркылуу жарыяланган каталар тууралуу Билим берүү министрлиги типографияга  шылтап, техникалык ката деп билдиришкен. 

Мындан тышкары, бизге белгилүү  болгондой быйыл Билим берүү министрлиги аттестаттарды басып чыгаруу боюнча тендерди аябай кеч жарыялап, басып чыгарууга убакыт тар болгон. Басып чыгаруу келишимдери 2019-жылы 6-июнда гана «Учкун» ААК  менен түзүлгөн. 

Эскерте кетели, буга чейин жеке менчик «Тартип» типографисы менен алты айдын ичинде басуу иштери жасалса, быйыл бул процедурага убакыт аз берилген. 

Каталар кайсыл тараптан кетирилсе, чыгашаларды ошол тарап көтөрөт. «Учкун» басмаканасы бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарын 20 сом 17 тыйынга, ал эми 9-класстын  күбөлүктөрүн 17 сомго басып чыгарганы белгилүү болду. Демек, жогорудагы аттестатты кайра басып чыгаруу үчүн мамлекеттик казына миллион сомго жакын чыгаша тартышы мүмүкүн. Азырынча, алмаштырылып жаткан аттестаттардын саны санала элек. 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу