Эки жылда 250 аудитор атайын аттестациялоодон өткөн эмес

29.03.2021, 17:15 Акчабар
Эки жылда 250 аудитор атайын аттестациялоодон өткөн эмес

Кыргызстанда 257 аудитор 2019-2020-жылдарга квалификацияны жогорулатуу үчүн тийиштүү документтерди тапшырышкан эмес. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы билдирди.

 

Мекемеден белгилешкендей, «Аудитердин ишмердүүлүгү» мыйзамыа ылайык, квалификациялык сертификаты бар ар бир аудитор ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген квалификацияны жогорулатуу программасынан жыл сайын өтүүсү керек.

Андан сырткары, айрым аудиторлор тарабынан квалификацияны жогорулатуу боюнча маалымат берилген эмес. Эгерде жүйөсүз себептерден улам, эки ирет мыйзам бузуу катталса алар сертификаттан ажыратылат.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы аудиторлорго 2021-жылдын 19-апрелине чейин түшүндүрмө берүүсүн талап кылышууда.

Тэги: аудитор квалификация окуу жогорулатуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу